Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардан чыккан өрттү өчүрүүгө келген техникалардагы суунун жетишсиздигинен көптөгөн аянт өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде SUPER.KG порталына өрт кырсыгынын күбөсү билдирди.
Анын айтуусуна караганда, өрт өчүрүүчү унааларда суу жок болуп, өрттү өчүрүү үчүн эл да аралашкан.
"Өрт өчүрүүчү унаалар келгени менен суусу жок болгон. Мындан улам эл күйүп жаткан мүлкүнө өздөрү чака менен суу ташып өчүрүп жатышты. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт электр жабдууларынын мүчүлүштүктөрүнөн улам келип чыккандыгы айтылууда. Ал эми айрымдар атайын өрттөп кетишти деп жатышат. Негизинен өрт борбордук базардын азык-түлүк сатылуучу бөлүгүнөн чыгып, жалын күч алып кеткен. Айрым сатуучулар мүлктөрүн өрттөн алып чыгууга үлгүрсө, көпчүлүгүнүн товарлары күйүп кетти. Жабыркагандар көп", - дейт күбө.
Айта кетсек, буга чейин Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардан өрт чыкканы кабарланган. Анда ӨКМнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов өрт толугу менен өчүрүлгөнүн билдирген. Ошондой эле адам өмүрүнө зыян келбегенин кошумчалаган.