Бүгүн, 14-апрелде "Дем" театрынын актёру Эркин Эгембердиев 33 жашка толду. SUPER.KG порталы актёрду туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканда, ал туулган күнүн белгилебей турганын айтты.
"Туулган күнүмдү мурунтан бери эле белгилебей келем. Бүгүн мен үчүн кадимкидей эле күн. Кечинде кайрымдуулук концерти орун алат. Ошол иш-чарага барып кызмат кылам. Ал эми жубайым мага эң керектүү белек алып берип кубантты",- деди ал.
Актёр Эркин Эгембердиев 1985-жылы 14-апрелде Балыкчы шаарына караштуу Таш-Сарай айылында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган.
"Ата-энем беш балалуу болгондуктан илгери, Союз убагында көп жер, анан мал алышкан. Азыр ошону менен алектенишет. Балыкчы шаарынын жанындагы Таш-Сарай айылда турушат. Биздин айыл тоонун боорунда, шар аккан суунун боюнда жайгашкан. Балалыгым мына ошол таза аба, кооз жаратылыш коюнунда өттү. Балдардын улуусу болгондуктан төрт иниме өтө күйүмдүү болуп өстүм. Эрте да жетилдим. Үй-бүлөлүк кризис болуп, эл кийген кийимди кие албай, эл ичкен тамакты иче албай калган да учур болгон. Жокту көп баштан өткөргөндүктөнбү, жөнөкөй, түшүнүктүү баламын", - дейт ата-энеси, бир туугандары тууралуу.
2012-жылы Эркин мырза Диана аттуу айымга үйлөнгөн. Учурда Айбийке жана Ыйман деген кыздары бар.
Актёр Эркин Эгембердиев театрда "Аюу" (Чехов), "Үйлөнүү" (Гоголь), "Абийир кечирбейт" (Абдумомунов) чыгармаларында образ жараткан. Мындан тышкары "Белгисиз маршрут", "Боз салкын", "Сен эмне кылмаксың?", "Мега той" жана башка тасмалардагы ролдору менен белгилүү.
14-апрелдин жылнаамасы.