Бүгүн ырчы Жоодарбешим 28 жашка толду. Ырчыны SUPER.KG порталы туулган күнү менен куттуктап байланышканда, ал адаттагыдай эле иш күнү экенин билдирди.
"Туулган күнүмдү ушул жашка чейин белгилеген эмесмин. Анткени туулган күнүм катардагы эле күндөрдүн бири. Бул ирет деле майрам кылгым келбей турат. Кечинде эле классташ балдарым кече уюштуруп жиберишпесе. Келинчегим "белек алсам сизге жакпай калабы дедим" деп, конверт берди. Ал акчаны биз баш кошкондон бери чогултуп жүргөн экен. Күтүүсүз болду", - дейт ал.
Жоодарбешим 1990-жылы 16-апрелде Токтогул районунун Чоң-Арык айылында төрөлгөн. Окууну бүткөн соң Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын астындагы 2 жылдык студияга тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Окуу жайда окуп жүргөндө ар кандай студенттик концерттерде ырдап жүргөн. Ырчынын эң алгачкы чоң сахнага болгон кадамы 2008-жылы Жамил Карабалаевдин жеке концертинде болгон. Репертуарындагы "Жан тумарым", "Өкүнбө", "Эрке кыз" аттуу ырлары менен таанылган.