Чүй облусундагы Жайыл районуна караштуу Ставрополовка айылында иштебей калган бала бакча бар. Анын айланасындагы люктардын баарынын үстү ачык турат. Бул тууралуу окурман "Элдик кабар" рубрикасына маалымдап, сүрөттөрүн жөнөттү.
Анын айтымында, айрым люктар адамдар байма-бай өткөн эле көчөлөрдө жайгашкан.
"Бала бакчанын айланасынын өзүндө эле 13 люк бар. Айрымдары өтө терең. Бардык эле жерде балдар ойношот, кокусунан түшүп кетеби деп коркобуз. Канча жылдан бери эле ушул көрүнүш өзгөрбөй келе жатат. Кээ бир чуңкурларды жергиликтүүлөр таштанды таштай турган жайга айлантып алган. Алар күн ысыкта жыттанат, айрымдарына болсо суу толуп калган. Чоң киши деле байкабай түшүп кетиши мүмкүн", - деген окурман билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.