"Медиа порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу эч кенебей тротуар менен айдады" аталышындагы видео жүктөлдү.
Видеодон маршруттук унаанын жол менен эмес, четиндеги жөө адамдар баскан тротуар менен айдап баратканын көрүүгө болот.
Бул видео социалдык тармактарга да тарады. Интернет колдонуучулардын бири мындай көрүнүштү Пишпек кичи районунан тартып алышканын жазган. Видеодо көрүнгөндөй тротуар менен келе жаткан секелек кыз маршруттук таксиден улам арык жакка жылууга аргасыз болду.
Видеону көргөндөр айдоочунун жоругун сынга алып, чектен ашып кеткен өзүм билемдик деп сыпатташууда. Мындан тышкары ичиндеги жүргүнчүлөр эмнеге тыйып койгон жок деген суроону да коюп жатышат.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.