Жалаяк, малдын тарпы, айнек... Таштандыдан арылбаган Ак-Бууранын жээктери

"Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээктерин таштандыдан арылтуу маселеси курч болуп турат", - деп маалымдады Мамлекеттик техникалык-экологиялык инспекциясынын маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, мындай абалдын жаралуусуна Ак-Буура дарыясынын жанындагы айрым айылдык кеңештер өздөрүнүн аймагындагы таштандыларды тазалоо, иретке келтирүү, ишембилик өткөрүү иштерин колго албагандыгы себеп болгон. Натыйжада акыр чикирлер жайылып, тазаланбай, шаардын көркүн бузуп, жарандарга жагымсыз жагдай жаралууда.

"Маселен Мамэкотехинспекциянын Ош шаардык башкармалыгынын текшерүүсүндө, Ош шаарынын Сулайман-Тоо-3 аймактык кеңешинин карамагындагы жерлерде таштандылар иретсиз төгүлүп, Ак-Буура дарыясына жакын жерде ташталып кеткендиги аныкталган. Башаламан жайгашкан таштандыга жакын жерде үйлөр жана соода жайлары орун алган. Тез аранын ичинде аталган аймакты иретке келтирүү иштери жүрбөсө, чогулган таштанды Ак-Буура дарыясын булгап, жарандар арасында жугуштуу оорулардын күчөп кетүүсүнө алып келүүсү мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, таштандынын арасында мал жандыктардын тарпы, терилери да көп. Инспекторлордун айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кээ бирлерине бир нече жолу эскертүү, түшүндүрүү иштери жүргөнү менен, инспекторлордун койгон талаптарын тоготпой келишкен.

"Бул ирет Мамэкотехиснпекциянын адистери Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги иретсиз ташталган таштандыны тазалабаган Сулайман-Тоо-3 аймактык кеңешинин жетекчилигине мыйзам чегинде катуу чара көрүү үчүн материалдарды даярдоодо", - деп кошумчаланган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ekaterinburg
2018-04-18 09:15:10
Эки-уч уйду"жестко"жазалап койсо калгандары пытырап тазалай баштайт.Антишпейт да...
+10
Artyr1994
2018-04-18 09:17:19
Ош районунун тегерегинде жашоочулар коп таштанды таштайт Ак-Буурага бир жолу силерге да жоноттум эле суротторун ээфирге чыгарбай койгонсунар
+10
admin_media
2018-04-18 11:09:08
Artyr1994,
Саламатсызбы! Сизге купуя кат жиберилди.
-1
Artyr1994
2018-04-18 09:17:33
Эгер кааларсанар башынан тартып жонотом
+7
kechirmeni
2018-04-18 09:39:02
предписание жассын анан тазалабаса очойтуп штрафты салыш керек
+7
guli-1980
2018-04-18 09:43:31
Жашаган элдер куноолуу. Куйо турган нерселерди куйгузсо болот го ыргытпай эле
+5
kechirmeni
2018-04-18 09:50:09
guli-1980,Орттосо абаны булгайт да,общий мусорго эле ташташса болмок зерикпей
+4
portugalia
2018-04-18 11:58:01
Мелис Мырзакматов иштеп турган болсо шаар гулдоп кетти эле.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан