13-апрелде өлкөдөгү эки базарда болгон өрттөн 359 ишкер 630 миллион сом зыян тарткан. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Санжар Мукамбетов депутаттарга маалымат берип жатып билдирди.
“Бишкектеги "Ош базарында" жана Жалал-Абад шаарындагы базарда болгон өрттөн улам алдын ала жыйынтык боюнча, 359 ишкер зыянга учураган. Келтирилген зыяндын көлөмү 630 миллион сомдон ашык. "Ош базары" боюнча 600 миллион сом, Жалал-Абад шаарынын борбордук базары боюнча 30 миллион сомдон ашык.
Өкмөт ошол күнү шашылыш тартипте токтом кабыл алган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. 16-апрелде өкмөт башчы жабыркагандар жана банктардын өкүлдөрү менен жолугушкан. Учурда ишке тартылган мамлекеттик органдар тарабынан Бишкек шаарынын Ленин райондук акимчилигинде жана Жалал-Абад шаардык мэриясында жабыркагандардын документтери кабыл алынып жатат. Экспертиза жүргүзүлүүдө. Жабыр тарткандарга жеңилдетилген насыя берүү маселеси каралууда”, - деди Мукамбетов.