Мэрия: "Көчөлөрдүн аты туура эмес жазылган такталар алмаштырылды"

Көчөлөрдүн аты туура эмес жазылган такталар алмаштырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек мэриясынан басма сөз кызматы билдирди.

"17-апрелден 18-апрелге караган түнү "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы борбор калаада көчөлөрдүн аттары жазылган 80 такта орноткон, алардын ичинен 26 тактада көчөлөрдүн аты туура эмес жазылып калган. Азыркы тапта ката жазылган такталар алмаштырылды. Айта кетсем, такталар дөмөөрчүлөрдүн каражатына жасалган", - дейт мэриянын басма сөз катчысы.

Эске салсак, интернет колдонуучулар көчөлөрдө илинип турган "Б.Баатыра", "Ш.Баатыр", "Б.Баатыр" деп көчөнүн аты туура эмес жазылган такталарды кызуу талкууга алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
manaas
2018-04-18 11:56:01
Фамилиясын туура жазгылада Шабдан Баатыров деп.
-14
altyn7776
2018-04-18 12:54:46
manaas, сени окуткан агайларын жазган окшойт
Устатынан шакирти отуп кетти...
+5
Bale
2018-04-19 00:57:02
altyn7776,МанААс дегенин эле байкабайсынбы)))
0
mr.ulan89
2018-04-19 07:59:40
manaas,Шабдан Батыроов дегенди сен кайдан уктун эле сенин ойунча баатырларыбыз бардыгы баатыровпу не??
+1
nurbekasr
2018-04-18 12:10:16
Эми 7 Баатыра кылып жазып илип алгыла.Акмак десе айсыл сабатсыз баатырлар жазган экен ошол көчө аттарын?
+2
warrior96
2018-04-18 12:13:58
Тамгаларды экономдоп жазып пайда коро баштаптыр да ХХХХХХХХ!!!!
+2
altyn7776
2018-04-18 12:56:12
шабдан баатырыбыздын улам арбагын козгоп... иш билги мэр келмейинче ушундай акмакчылыктар улана берет
+1
aerforce
2018-04-18 14:22:03
Баатырлардын атын булгап бутмой болдук Чыпалак баатырлар кобойуп
+3
altyn7776
2018-04-18 16:41:41
7 а кочосу кылып эле жазгыла...эконом экен го
0
Rifle_I
2018-04-19 08:48:00
Кыргыздар , көчөлөрдүн аттарын туура айтып алсак, анан туура жазыла баштайт.
Маршрутта Калык Акиевадан, же Токтогуладан токтоп койгудачы дегенде ичиң өтөт. Аалы Токомбаев, Калык Акиев, Токтогул, Бүбүсара Бейшеналиева деген көчөлөрдү тантырабай туура айталы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан