Ынтызар Cадырбек кызын жолдошу издейт. Ал: "Жубайым бирөөгө азгырылып Түркияга кетип калышы мүмкүн"

Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырзаке айылынын 1992-жылы туулган Ынтызар Садырбек кызы аттуу тургуну дайынсыз болууда. Учурда аны жолдошу жана жакындары издөөдө. Бул тууралуу дайынсыз жүргөн Ынтызардын жолдошу Алмаз Байды уулу SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, Ынтызар 14-апрель күнү таңкы каттам менен Бишкек шаарындагы "Манас" аэропортунан Москвага учуп келмек. Ал жубайын Москвадагы “Домодедово” аэропортунда 7 саат күткөн. Бирок ал келбеген соң жакындарына кабарлаган.

“Жубайым Ынтызар экөөбүз 10 жылдан бери чогуу түтүн булатып келебиз. Ортобузда 3 балабыз бар. Ынтызар ушул жылдын 18-мартында Кыргыз өлкөсүнө учуп кеткен. 14-апрелде "учакка билет алдым" деп мага билеттин сүрөтүн тартып жиберген. 14-апрелде кайненем эртең менен аэропортко узатып келиптир. Ошондон бери дайынсыз, учак учканын же учпаганын билбей жатабыз. Анткени кайненем ал каттоодон өткөнүн же өтпөгөнүн билбейт экен. Мага аэропортко жеткирип койгонун айтты. Буга чейин Ынтызар дайынын айтпай эч жакка кеткен эмес. Биринчи жолу мындай абалга кабылып, кабатырланып жатабыз. Өзү аябай ишенчээк, бирөөгө ишенип Түркияга кетип калышы мүмкүн деп жатабыз. Ал үйдөн гүлдүү күрмө, жынсы шым кийип чыгыптыр”, - дейт Алмаз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
nur0202
2018-04-18 13:01:56
каякка кетти экен а
+9
Gulnur1980
2018-04-18 13:05:07
Оштон регистрациядан откон отпогону тууралуу билсенер болот го.Табылып калсын
+8
Paprikafm
2018-04-18 13:21:55
Gulnur1980,бишкектен деп жатат
+8
Gulnur1980
2018-04-18 15:39:06
Paprikafm,ии ооба ошол Манас аэропортунан текшертсе
+4
AKCAHAT
2018-04-18 13:12:39
Туркияда баардык эркектер Кыргызстандан Ким келет экен деп акмалап, андып олтурушат окшойт. Ким кетсе эле ошояка жонойт. Же турк эркектерине баарыбирби вкустары олуп калганбы
+20
Dembele84
2018-04-18 16:02:05
AKCAHAT,Биздикилер алардын айткан нерсесин кылат жана ишенчээк,ошон учун алар биздикилерди как тряпка колдонгонду жакшы коруп,адат кылып алышты
+5
murat17
2018-04-18 13:22:42
Турктордун эркектерине биздин кыздар однаразовая болуп калган бугун бироосу менен эртен башкасы зеенин кейит биздин аялдар ушундай болуп баратканына
+16
taalay25
2018-04-18 13:24:50
Жашаганыбызга 10-жыл болду деп айтыптыр. Не 8-классында эле алып алган белен?
+14
ady-88
2018-04-18 13:27:15
Фаааай э не кыздар силерге турктордун каягын жактырып качып жатасынар билбейм. Откондо дагы бир келин уйунон качып азерге кетип калыптыр не баляяя болуп жатат деги.
+5
rejepova
2018-04-18 14:08:49
ady-88,качпаптыр алданып калышы мумкун дептирго. Башы болсо келеер бала чакасы бар экен
+3
aman0296
2018-04-18 20:43:28
ady-88,так маалымат жок!
0
murat17
2018-04-18 13:32:06
Албетте бул учун айрым эркектер оздору кунолуу анткени тапканы уйбулосун бакканы жетпейт дагы ичкен пивосу жага арагы кымбат чеккен тамекиси кымбат суйлосо асманды суйлошот келинчееги менен кундош катындай айтышышат эркек деген эркектей эле оор басырыктуу болуш керек анан презизентибизге кайрылуум ушул кыздарыбызды только 40жашка чейин чет жерге чыкса куйоосу менен куйоосу тийе элек болсо атасы менен чыга турган кылсаныз Алла ыраазы болот болушу керек анткени бул кыздар биздин абийирибиз намыс
+18
Talantbek1994
2018-04-18 13:42:39
murat17,мен дагы колдойт элем ушул идеяны))). Молодец э кимдин баласысын? :-)
-3
murat17
2018-04-18 14:10:02
Talantbek1994,Эгер сен 94 жылкы болсон анда иним экенсин
+1
murat17
2018-04-18 14:10:22
Talantbek1994, иним экенсин
-2
traveler
2018-04-18 13:34:55
Кыз 1992 болсо, ошондо 10 жыл түтүн булатышса, кыз 16 жашында 2008 турмушка чыгыптырда э
-2
bela77
2018-04-18 14:55:14
Бул жерде качан турмушка чыкканы, канча жашында чыкканы маанилуу эмес туугандар...эн башкысы ушул кызды табыш керек!Оюбузду туздойлучу аз да болсо!
+10
Siren90
2018-04-18 15:04:13
Адам дайынсыз жоголуп жатса чын эле качан эрге тийгенин чукуйбуз, аман эле болсун кайда болсо да
+9
traveler
2018-04-18 15:16:55
Ошончо да эрте турмушка чыгабы ошого кызыгып жатабыз. Сразу мектепти бутуп бутпой эрге тийим, анан эри менен кошо талаалап акча издеп, балдары кароосуз калып. Ошондон коро кыздар кичине чоноюп акыл калчап калганда эрге тийишсе эр качып кетмекби?
+2
AzKumFerDan
2018-04-18 16:49:54
Алтын башы аман болсо экен.Азырылып башка жака кетпестир
+3
Asylai88
2018-04-18 17:56:27
Кантип билбейт сураштырса болот го ошол рейстин учкан учпаганын. Аман болсо келет издегенди уланкыла дагы сураштырып.
+4
surgeon777
2018-04-18 18:10:11
Туркко кетти деп тилдеп жатып калган адамдарга тан калам,кантип билип-билбей жаза бересинер куйоосу баш болуп!Балким башка нерсеге кабылып калган жокпу деп амандыгын тилеп койсонор болбойбу?Деги кыргызым качан тилибиз онолот,оюбуз,тилегибиз жакшы болбосо кантип онугобуз...
+4
miss2014
2018-04-18 18:11:59
14 - куну инстаграм да жургон.Табылып калсын ,жакындарына сабыр ,аэропортко барып тактаса болсо керек.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан