Мөмөлүү дарактардын гүлүн же жаңы түйгөн мөмөлөрүн үшүктөн сактоонун жолдору

17-апрелден 18-апрелге караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарына кар жаап, абанын температурасы төмөндөп кетти. Кыргызгидромет мындай аба ырайы 20-апрелге чейин улана тургандыгын кабарлады.

Ушул тапта мөмөлүү дарактар гүл ачып, айрымдары жаңыдан гана мөмө байлай баштаган эле. SUPER.KG порталы айыл чарба адисине кайрылып, мындай аба ырайында мөмөлөрдү үшүк алып кетеби деген суроого жоопту жана үшүктөн мөмөлөрдү сактап калуу жолдорун сурады.

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин жетекчиси Дмитрий Тендин айтымында, абанын температурасы -2°Cге түшкөнгө чейин мөмөлөрдү же гүлдөрдү үшүк алып кетет деген коркунуч анчейин болбойт.

"Кар жаады, бирок кар жааса эле мөмө түйө турган гүлдөрдүн баарын үшүк алып кетпейт. Эгер абанын температурасы -4°Cден түшүп кетсе, үшүктөн сактоонун жолдорун жасаса болот. Үшүктөн сактоонун көп учурда 2 ыкмасы колдонулат.

1. Даракты жаап коюу.

Эгер мөмөлүү бак жаш болсо, анын көлөмү да кичине болот эмеспи. Мындай учурда кичинекей өрүк дарагын полимер плёнка, ткань ушул сыяктуу каражаттар менен жаап койсо болот. Ал бактын үстүнөн учуп кетпөө үчүн демейде учтарын байлап коюшат. Бул түйшүктүү жумуш болгону менен үшүктөн сактай алат. Учурда Баткенде мөмө бере турган жаш дарактарды жаба турган атайын каражаттар колдонулууда.

2. Түтөтүү.

Үшүктүн алдын алуу үчүн түтөтүү ыкмасы да колдонулат. Түтөтүү - эффективдүү ыкмалардын бири, мындай метод көбүнчө чоң бак-дарактарга пайдаланылат. Негизи атайын түтүн шашкасы колдонулат. Ага шарт жок болсо, алоолонуп күйүп кетпей турган ным саман, чырпыктарды мөмөгө жакын жерге коюп, түтөтүп койсо болот. Чырпыктын, самандын үстүнө топуракты жука кылып себелеп койсо болот. Бул анын көпкө чейин түтөшүнө шарт түзөт жана алоолонуп күйүп кетүүсүнөн сактайт. Түтөтүү - абанын жылуулугун 1-1,5 градуска жогорулатып берет. Түтөтүү абанын температурасы көтөрүлгөнгө чейин токтотулбайт", - деди Тен.

Ошондой эле ал жаз алды менен дарактын ашыкча өскөн бутактарын бутоо менен аны плёнка менен жабууга ыңгайлуу кылса боло турганын кошумчалады. Суукка туруштук берүүсү төмөн болгон назик дарак - шабдалы. Андан кийин өрүк, кара өрүк, кокон гиластын мөмөлөрүн суук бат алат.

Адистердин айтымында, мөмөлүү дарак канчалык жаш болсо ошончолук суукка туруштугу жок болот. Анткени тамыры тереңдеген сайын анда жылуулук сакталат.

"Ушул тапта картошканы тигип коюшту. Бирок коркунуч жок. Алар жер алдында болгондуктан жылуулук сакталып турат", - деп кошумчалады Тен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
engel
2018-04-18 18:03:47
Туштон кийинби? Кечээ айтса болмок экен. Уже ушук алып кетти бизде кар аябай жаап. Алма, орук баары кетти
+3
Bakyi
2018-04-18 20:19:04
engel,кайсыл жакта?
0
HanTegin
2018-04-19 09:15:57
engel,кызык го. Озунор деле сураштырсанар болмок. Бироону куноолуу кылганга машпыз да
0
taimanbas
2018-04-18 18:34:48
бизде ар дайым после пожар айтылат өрттөнгөн жерге барып деле өчүп бүткөндө келип биз өчүрдүк деп жатбайбы
+4
AzKumFerDan
2018-04-18 19:17:20
Элдин баары билетко
+4
KAYRATBEK
2018-04-18 19:31:42
Эн жакшы жана оной жолу ТУТОТУУ.
+1
NURTILEK_KG
2018-04-18 19:32:32
Башка нерсе айтат бекен десе билген эле нерселерго
+3
Zhoro
2018-04-19 00:34:50
Элдер давно билишет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан