Депутат "Ош базарында" дагы өрт чыгып кетиши ыктымал" дейт

"Ош базарында" дагы өрт чыгып кетиши ыктымал" деген пикирин депутат Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңештин 18-апрелдеги жыйынында айтып, өрткө жол бербөө үчүн базардын ичин тартипке салуу керектигин сунуштады. Ошондой эле шаар бийлигинен унаа токтоочу жайларды түзүүнү талап кылды.

"Базардагы жайма базарды алып сала аласыңарбы? Анын баарын жок кылыш керек. Бир катарда самын, кийим, ороо-чылгоо, нан сатып жатып базар аралашып калган. Унаа тыгынын айтпай эле коёюн, араба менен кире албайсың. Эртең менен барсаң арабага салынган эттен киши аралап өтө албайт. Унаа өтчү жерде соода болбошу керек. Бул жерде жөн эле тепкилеп жатабыз. Мунун баарын тартипке келтирүү үчүн комплекстүү караш керек. Биз өрт өчүрүүчүлөрдү күнөөлөй албайбыз, булардын да күчү жетпейт. Жумушту чогуу алып баралы.

"Ош базарына" чиновниктерден акыркы жолу кимиңер бардыңар? Эч кимиңер барган эмессиңер, көргөн да жоксуңар. Иса Өмүркулов мэр болуп турганда бир топ тазалаган, андан кийин баш аламан болуп кетти. Унаа токтоочу жайы да жок. Унаа токтоочу жайды мурдагылар базар кылып алган. Жогорку жагында "ит базары" бар эле, аны жайма базар кылып алышты. Мэрден суранам, ушуларды карап чыккыла. Унаалардын баары унаа токтоочу жайда турушу керек. "Түндүк электр" ишканасы акчасын алып жаткандан кийин электр станциясын куруп берсин. Электр энергиясын бербегендиктен баары бири-биринен тартып алышкан. Дагы өрт чыгып кетиши ыктымал, базарды иретке келтиргиле", - деди Рыспаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aiba.8327
2018-04-18 14:20:07
Эн туура айтты бул жагын...
+1
aerforce
2018-04-18 14:37:54
туура айтасыз бирок даагы өрт чыгып кетиши мүмкүн дегениңизге оозуңузга таш чыкпасын эми тилсиз жоо
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан