Тротуар менен жүргөн маршруттук таксинин айдоочусу жоопко тартылды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
"Кечээ, 17-апрель күнү Бишкек шаарындагы Пишпек кичи районунда саат 13:00дөр чамасында №281-маршруттук каттамдын айдоочусу өз унаасы менен тротуарда жүрүп бара жаткандагы видеосу социалдык тармактарга тараган. Аталган видео боюнча ошол эле күнү иликтөө иштери жүрүп, айдоочу кармалган. Жол эрежелерин бузган айдоочуга административдик протокол түзүлдү, эми айып салынат", - деп билдирди башкармалык.
Эске салсак, "Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө окурман тарабынан "Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу эч кенебей тротуар менен айдады" аталышындагы видео жүктөлгөн.