Аксыда 11-класстын окуучусу аттан кулап каза болду

Аксы районунда 11-класстын окуучусу аттан кулап каза болду. Бул тууралуу Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Бердалы Мырзакулов SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 16-апрель күнү Ак-Жол айылында катталган.

"Өзүм каза болгон баланын ата-энесине жолуктум. Бала ошол күнү мал караганга ат минип чыгып, анан аттан кулап жыгылыптыр. Атасынын айтымында, аттын тизгини баланын моюнуна илинип калганынан улам бала каза болгон. Мен бул окуя боюнча милиция кызматкерин чакыртып, алар аттан кулап жыгылганын, өз өмүрүнө атайылап кол салбаганын айтышты", - деди Мырзакулов.

Маркум мектепте 11-класста окуп жаткан. Анын сөөгү кечээ, 17-апрелде жерге берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dina.janym
2018-04-18 14:42:21
Уух, иий жүрөгүм(((
+2
Nuri1988Elim2010
2018-04-18 14:53:19
Арты кайырлуу болсун
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан