Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастан Жумабеков өкмөттөн Бишкектеги "Ош базарында" жана Жалал-Абад шаарынын базарында болгон өрт кырсыгынан зыянга учураган элге жардам берүүнү тездетүүнү талап кылды. Жумабеков өкмөт мүчөлөрүнө жардам берилбесе жоопкерчилиги карала турганын эскертти.
"Өкмөт мүчөлөрү берилген сунуштардын баарына макул болдуңуздар. Өрт кырсыгы боюнча дайындалган экспертизанын жыйынтыгын, базардагы күйүп кеткен соода имараты жаңыдан салынышы же ремонттон өтүшү керектигин чечип бергиле. 2-3 айда соодагерлер өз соода орундарына барышы керек. Жардам керек болсо, биз дагы жардам берели, мен төраганын фондунан күйүүчү майга каражат бөлүп берем. Андан сырткары насыя боюнча айта кетейин. "Насыя берүү боюнча сүйлөшүп жатабыз" деп айтуудасыздар. Биз токтомго чечип бергиле деп так көрсөтөбүз. Жардам берилбесе, мен өкмөт башчыга жоопкерчилигиңерди кароо боюнча сунуш берем. Ошондой эле токтомго өрттүн чыгуусуна себеп болгондордун жоопкерчилиги каралышы керектигин киргизебиз. Кээ бир чиновниктердин шалаакылыгынан миң деген жарандарыбыз жабыркап калбашы керек. Жогорку Кеӊеш токтомдун аткырылышын көзөмөлгө алат. Жеке өзүмдүн да көзөмөлүмдө болот", - деди төрага.