Эртең борбор калаанын айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат

Эртең, 19-апрелде саат 9:00-19:00 аралыгында борбор калаанын айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга "Батыш-2" суу түтүкчөсүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштери себептүү.

Суу берүү токтотулуучу жерлер:

- Фучик, М.Фрунзе жана Ч.Айтматов атындагы кең көчөдө;

- №31, 13, 8, 2, 9-мектептер;

- №8, 22, 72, 164, 165, 167, 51, 3 жана 73-балдар бакчасы,

- "Балдарды коргоо борбору";

- "Арпа" ААКсы;

- "Ош базары" ЖЧКсы;

- "Берекет-Гранд";

- "Берекет-Универсал", "Берекет", "Берекет" ЖАКсы соода копмлекстери;

- Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясы;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;

- №2-клиникалык төрөт үйү;

- Бишкек троллейбус башкармалыгы;

- №1-шаардык клиникалык оорукана;

- 4-аскердик бөлүктүн Өрткө каршы мамлекеттик кызматы;

- Ленин райондук администрациясы;

- Бишкек финансы экономикалык академиясы;

- "Кыял" бирикмеси;

- Кыргыз Эл аралык университети;

- Батыш РЭК;

- Кыргыз Орус-Славян университетинин медициналык факультети;

- Ленин райондук соту;

- Ж.Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан