Иракта Кыргыз жараны өлүм жазасына тартылды деген маалымат боюнча Тышкы иштер министрлиги тактап жатат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бизде бул окуя боюнча так маалымат жок. Учурда бул фактыны тактоо аракеттери көрүлүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Эске салсак, буга чейин Ирактын борбордук кылмыштык соту 4 аялды өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарып, алардын бири Кыргыз жараны экенин чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.