Кылычбек Султан "Арираң ТV" каналынын президенти менен жолукту

17-апрелде Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан "Арираң ТV" эл аралык телерадиоберүү кызматынын президенти И Сың-йол менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Кылычбек Султан быйыл 2-8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну тууралуу айтып, анын алкагында өтчү спорттук жана маданий иш-чараларды чагылдырууну сунуштады.

Элчи "Арираң ТV" каналынын Көчмөндөр оюнун көрсөтүүсү корей элин кыргыз элинин тарыхы, улуттук оюндары жана этномаданий мурасы менен тааныштыра алат деп үмүттөнөрүн билдирди. Муну менен кыргыз-корей алакасынын өркүндөшүнө зор салым кошулат деген ишеничин айтты.

"Тараптар аталган телеканалды Кыргыз өлкөсүндө интернет аркылуу көрсөтүү боюнча кызматташууну сүйлөшүштү. Элчи Кыргыз Республикасы жөнүндө тасма тартууну сунуштап, бул тасма тоо туризми менен алектенген корей коомчулугунун өкүлдөрү үчүн абдан кызыктуу болорун белгиледи. И Сың-йол мырза жакынкы мезгилде Кыргыз жергесине барууга үмүтүн билдирди", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kg.arts.
2018-04-18 21:03:32
Ушул байкенин ишмердуулугу жагат да. Ишинизге ийгилик Кылычбек Султан!!!
+4
Beks.Kasymov
2018-04-18 22:15:32
Кыке ава биз сизди жакшы коробуз)
+2
toktor89
2018-04-18 23:51:22
Баракелди жарайсыз!
Коппон Ашкадай!
+1
semirbedim
2018-04-19 00:33:16
Кылычбек Султанов келечекте президент болушун кудайдан тилейм. Аябай патриот чынчыл адам.
+1
pyeon hwa
2018-04-19 07:56:46
И эмес Ли деп жазкыла( Ли Сын Йоль)
0
futboler
2018-04-19 10:03:52
pyeon hwa,жазкыла эмес жазгыла деп жазгыла
0
admin_media
2018-04-19 10:25:36
pyeon hwa,
Саламатсызбы! Ысым туура жазылган.
0
atakyzy
2018-04-19 13:35:46
Эн жонокой адам сыйлайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан