Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракесине карата гүлдөрдөн 120 метр узундуктагы килем жасалат

Бишкек шаары 29-апрель күнү 140 жылдыгын белгилейт. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, борбор калаанын мааракесине карата иш-чаралар 30-марттан тарта өткөрүлүп келет.

"Бишкек шаарынын күнүнө карата көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүүдө. 20-апрелде Тоголок Молдо сейил багында "Менин сүйүктүү шаарым" аттуу китеп көргөзмөсү өтөт. Ал эми Токтогул Сатылганов атындагы адабият жана искусство музейинде "Бишкектин тарыхы жана келечеги" аталышындагы тегерек стол болот. 27-апрелде Кыргыз улуттук филармониясында эл аралык "Наристе" балдар фольклордук фестивалын өткөрүү пландалууда. Италия, Түркия, Венгрия, Сьера-Леоне, Орусия жана Казакстан өлкөлөрүнөн музакалык коллективдер келиши күтүлүүдө", - дейт катчы.

Ошондой эле 29-апрель күнү "Ала-Тоо" аянтында карнавалдык парад уюштурулат. Аны менен катар шаардын ар кайсы райондорунда майрамдык иш-чаралар өтөт. Фестивалдын катышуучулары гүлдөрдөн узундугу 120 метрге, туурасы 70 метрге жеткен килем жасоо алдында турушат. Кечинде майрамдык концерт болот. Концерттин соңунда, саат 23:00гө жакын фейерверк атылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Ermekbai
2018-04-20 14:21:52
Гүлдөрдүн штугун 5000сомдон сатып алса эле эми.
+10
Mambetali
2018-04-20 14:50:07
Ermekbai, Менда ушинтип жазайын дегем ...
+1
Tolkun555
2018-04-20 14:34:37
Майрамга балээ барбы кыйраткан ишинер жок.
+6
Tolkun555
2018-04-20 14:36:04
Эптеп эле дагы канча миллиондорду жейсинер.майрамдан башынар которулбой калды го.
+4
rejepova
2018-04-20 14:49:23
Бешбармак Гиннеске кирдиби?
+5
KGstan1981
2018-04-20 16:04:45
Андан коро ошол 120 метр асфальт салгыла жэ болбосо 120 метр брущаткадан тратуар салгыла.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан