Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт (тизме)

Бүгүн, 23-апрелде Бишкектин айрым көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, электр жарыгы бүгүн саат 09:00дөн 18:00гө чейин өчүрүлөт.

- Саат 09:00дөн 16:00гө чейин Захарьев, Алыбаев, Крылов, Маликов көчөлөрүндө жана Саратов менен Кленов тар көчөлөрүндө;

- Саат 09:00дөн 18:00гө чейин Можайск, Түлөбердиев, Кызыл-Кыя, Фере көчөлөрүндө жана Снегиров менен Ижевск тар көчөлөрүндө;

- Саат 09:30дан 18:00гө чейин Элебесов, Аул, 8-Март көчөлөрүндө, Келечек конушунда жана №87-орто мектебинде;

- Саат 12:00дөн 18:00гө чейин Кайназаров жана Средний көчөлөрүндө электр жарыгын берүү убактылуу токтотулат.

Айта кетсек, электр жарыгынын убактылуу өчүрүлүшү оңдоо иштерине байланыштуу экени маалыматта кошумчаланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
MAB88
2018-04-23 08:53:35
Крылов. Кленов. Захарьев..... ушул кочолордун атын озгортпойт белгилуу кыргыз ЗАЛКАРЛАРГА.
Ушундай кочо бар экенин эми уктум Кыргызстанда!
+2
ainur78007
2018-04-23 08:58:20
MAB88,Мискенбаев да укпай калган окшойт,Эми угуп калып,ал кочолорду да 7-апрель1,7-апрель2 деп озгортом деп чыгат)))
+2
Asatilla.1983
2018-04-23 10:39:25
Тундукелекр емнеге жалган маалымат бересинер очкн жокко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан