200 миң доллар пара алууга шектелип кармалган прокурордун баш коргоо чарасы каралып, тергөө иштери бүткөнгө чейин камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 313-берененин 1-бөлүмү (пара талап кылуу) менен айыпталып жаткан Улан Чалбаевге айыбы угузулган. Ошондой эле 21-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алган.
Эске салсак, 16-апрелде Башкы прокуратуранын прокурорлордун соттордогу ыйгарым укуктарын камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын УКМКдан кабарлашкан. Кармоо учурунда анын кан басымы түшүп кетип, "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери ага инсульт деген диагноз коюп, ооруканага алып кетишкен.