Прокуратуранын бөлүм жетекчиси Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 16-апрель күнү Башкы Прокуратуранын Прокурорлордун соттордогу ыйгарым укуктарын камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Улан Чалбаев 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.
Учурда тергөө иштери уланууда.