"Аталган жайдын азыркы жетекчиси Венера Маймендеева 4 жыл ичинде материалдык жана финансылык каражаттарды өзүнө менчиктештирип алган. Бирок ал жоопко тартылган жок. Аталган мекеменин башка мекемелерге карыздары көп. Мисалы, электр жарыгынан карызы көбөйүп кеткен. Учурда Маймендеева сот аркылуу санаториянын директору кызматын кайтарып алууну көздөп жатат. Мекемедеги жылытуучу батареяларды сууруп алып чыгып баратышат. Ал эми башка бөлүгүндө башка эле адамдар күн кечирип келишүүдө. Эгер бул мекеме жабылып калса, биз жумушсуз калышыбыз мүмкүн. Жогору жактагыларды көңүл буруусун суранат элек", - дейт Таш-Дөбө айылынын тургуну Кенжекан Зарлыкова.
Айта кетсек, буга чейин маалымат жыйындын катышуучулары Кыргыз Республикасынын профсоюздук федерациясына кайрылып келишкен. "Баалуу жайдын жоюлуп же ишкерлерге сатылып кетишине биз каршыбыз. Эгер талаптарыбыз аткарылбаса, нааразычылык акциясына чыгабыз деп эскерткенбиз", - деп кошумчалашты жашоочулар.