Эртең, 25-апрелде борбордогу М.Фрунзе атындагы музейде "Пишпек-Фрунзе-Бишкек" аталышындагы даректүү сүрөт көргөзмөсү орун алат. Бул тууралуу аталган музейдин кызматкерлери маалымдады.
Белгилүү болгондой, көргөзмө Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналат. Анда коноктор сүрөттөр аркылуу борбор калаанын кыскача тарыхына күбө боло алышат.
Алгач Пишпек шаары тууралуу кенен чагылдырылган сүрөт, материалдар, андан соң шаардын аталышы Фрунзе деп өзгөртүлгөндөн кийинки көрүнүштөр, соңунда учурдагы Бишкек шаары тууралуу кенен маалыматтар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Айта кетсек, 29-апрелде борбор калаа 140 жылдыгын белгилейт.