ЭЛДИК ВИДЕО: "Ырчы Эркин Мукашев кийим саткан дүкөндө ызы-чуу уюштурду"

"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Ырчы Эркин Мукашев кийим саткан дүкөндө ызы-чуу уюштурду" аталышындагы видео жүктөлдү.

Видеодо ырчы Эркин Мукашевдин борбор калаадагы кийим саткан дүкөндөрдүн биринин сатуучусун оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, атып кетем деп коркутуп жатканын көрүүгө болот.

Сатуучунун айтусуна караганда, ырчы Эркин Мукашевди көйнөктөрдүн баасы канаттандырган эмес.

"Ал буга чейин менин артымда турган көйнөктөрдү кийип көргөнү келген. Ушул ишемби күнү дагы көйнөктөрдү кийип көрө баштады. Ал жерде 15 даана көйнөк бар болчу. Ал ар бирин кийип кайра чечип жатты. Мен башка көйнөктү сунуштадым, ал бизде кымбат экенин, башка жактарда андай көйнөктөрдү 195 сомдон көргөнүн айтып баштады. Анда мен ошол жактан алуусун сунуштасам, ачуусу келип баштады", - деген сатуучу.

Ырчы сатуучуга ачууланып жаткан учурда аны арматура менен чаап саларын айткан.

"Сен корголбогонуңду билесиңби? Сен бул жерден кечинде чыкканыңда, мен сени эшиктин алдында арматура менен чаап салам", - деп Мукашевдин коркутканын көрүүгө болот.

Окуя качан болгону аныктала элек. SUPER.KG порталы экинчи тараптын оюн угууга даяр.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
zhaku2017
2018-04-24 20:58:41
Адамдын ким экени ачуусу келгенде билинет.
+9
mentol
2018-04-25 05:22:10
zhaku2017,Ошончо жылдык атына,затына тукуруп коюптурго
0
Kanybek121195
2018-04-24 21:04:45
ХХХХХХХХХХ екенин көрсөтүптүрда өзүнүн. Тиги кыз азамат екенсин токтоо сүйлөгөн. Жаз заявления пускай жооп берсин. Мен тиги сурап жаткан ким екенин билбедим да
+15
Medinaa
2018-04-24 21:35:41
Kanybek121195,"Клиенты всегда прав"деп
чыгышат)
+5
Pandora
2018-04-24 23:19:46
Medinaa,Азыр жаны чыккан закон чыкты Клиен не всегда не прав дегег
-3
grace
2018-04-24 21:21:30
Ким бул? Тааныбайт экенмин? Өзүн жылдыз сезип алган го! Милицияга бериш керек, жели чыксын ырчы сөрөй!
+12
Modric10
2018-04-24 21:42:36
grace,гитара менен ырдайт. болбогур ырларды
+8
Rusi79
2018-04-24 21:27:53
эркекпи озу бул адам,ким болуп кетти дагы кайсы "жылдыз"сорой
+5
saltanat.
2018-04-24 21:43:35
Ужас.
+1
al-abu-kinesz
2018-04-24 22:29:11
Ырлары эсте калаарлык эмес. Же тойлордо уга турган эмес же зериккенде уга турган эмес, эл талап кылып суранбайт деле ырларын. Картайганда жон эле койбоду.
+3
Pandora
2018-04-24 23:20:33
Караганын озу буу кийимдер дагы кыйынсынып
0
nargiz94
2018-04-24 23:36:04
"Танец под дождемду" ырдаган ырчы.
Кыргыз эмес же орус эмес айтор.
+4
bond02
2018-04-25 00:14:01
195 сомдук койнок кийсе унчукпай эле кийип кете бербейби, айдаганы беш эчки ышкырыгы таш жарат болбой.
+4
tyka
2018-04-25 00:18:12
Ооой Эрррркккин эркекче эле журчу
+1
Kirajsjk
2018-04-25 02:08:48
негизи биздин сатуучуларда куноо бар.Алсан ал албасан неге кийип кордун деп олуп калышат.Кийим аларда кийип коруп аласында,акча еле жерде жатыптырбы.Анан баасын сурасан ойлонуп туруп айтышатко
+6
xnurgul_gul
2018-04-25 03:02:50
Kirajsjk,ооба ошондой анан дагын кармап корсон 100000$дык шубаны кармагандай тийбе дешет акыры тийип кармап кийип коруп алабы бул эргуулдуку туура эмес бирок Кыргызстандын сатуучулары аман эле болушсун
+4
meni_kut
2018-04-25 04:21:58
Сатуучу деле каерден корсон ошо жерден ал дегени туура эмес,негизи алуучу озу билет да каерден алышты.Мукашевди колдобойм,бирок сатуучулар аман эле болсун,кийип корсон жарашса баасын кымбат айтып керсейишет.Аман эле болушсун
+3
Beise
2018-04-25 09:18:05
Сатуучу да туура эмес мамиле кылган, клиентке антип айтканга болбойт го.Деги эле бизде клиенттерди сылык тейлеген бир да мекеме жок.Кирсен кекирейип калышат, кыйындыгынан товар сатып аткансып.Биринчи товар сатуудан мурун сатуучуну сылык болууга уйротуш керек го
+2
Jaziko80
2018-04-25 10:43:06
Тааныбайт экенмин
0
urmatovam
2018-04-26 08:14:00
Сатуучу чонкыз азамат экенсин,тиги ары жок ырчыга тенелбептирсин,ал жакшы болсо секонхенд эмес башка эле магазинге бармакда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан