Кечээ, 24-апрелде Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоор каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сунушталган өзгөртүүгө ылайык, жаңы мыйзам долбоорунда жеке ишкерлер болуп саналбаган, бирок ишкердик иштин белгилери бар иштерди, башкача айтканда, ишмердүүлүктү системдүү негизде жүзөгө ашырып жатышкан жеке ишкер болуп саналбаган адамдарга карата гана “системдүү негиздеги ишмердүүлүктү” жүргүзүү себеби боюнча салыктык каттоо механизмдерин колдонуу демилгеленген.
Комитет мүчөлөрү бир катар пикирлерин билдиришип, мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырышты.