Супер хитке Чолпон Талипбектин "Ищу тебя" чыгармасы кошулду. "Клиптин монтажын сиңдим Медина Талипбек жасаган" дейт ырчы

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада сынактан четтетилген видеокомпозициянын ордуна Чолпон Талипбектин аткаруусундагы "Ищу тебя" чыгармасы кошулду.

"Бул ырдын үстүндө "Нон-Стоп" кезинде эле иштеп баштаганбыз. Клиптин идеясы сиңдим Медина Талипбекке таандык. Монтажды дагы Медина жасаган. Оператору болсо досум Керим Касымалиев. Жалгыз иштегеним менен, жанымда сиңдилерим, досторум, тайпалаштарым болуп, жакшы көмөк көрсөтүштү. Клип боюнча көп сын уктум. Бирок менин оюмча, клип жакшы болду, биз ойлогонубузду иш жүзүнө ашыра алдык. Ванна бир клипке окшошуп калыптыр дегендер болду. Ванна клиптердин 80 пайызында бар", - дейт Чолпон Талипбек.

18-АПРЕЛДЕН 25-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ

10-орун - Асема Токтобекованын аткаруусундагы "Сен жана мен" чыгармасы бул аптада эң аз добуштун ээси болуп, сынактан четтетилди.

9-орунга - Кенже Дүйшееванын аткаруусундагы "Апакем" чыгармасы ээ болгон.

8-орунду - Курал Чокоевдин "Кара-Балта-Кайыңды" чыгармасы камсыздаган.

7-орунду - Урмат менен Нелянын аткаруусундагы "Бактылуу болуп жашайлы" чыгармасы ээлеген.

6-орунда - Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Мени унут" чыгармасы жайгашкан.

5-орун - Ильяс Кудретовдун аткаруусундагы "Өмүр, ай" чыгармасына буюрган.

4-орун - Алмаз Шаадаевдин аткаруусундагы "Эми мага баары бир" композициясы бул ирет 2 тепкичке төмөндөгөн.

3-орунду - Мурунку аптада жеңүүчү аталган Сайкал Садыбакасованын "Кыялымда жашайсың" чыгармасы ээлеген.

2-орун - Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алган.

1-орун - Өткөн аптада жаңыдан тизмеге кошулган Самат Эркинбековдун "Той, той" чыгармасы эң көп добуш топтоп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн бул шилтемеге баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан