Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы генерал-полковник Рустам Иноятов 23 жыл отурган кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Рустам Иноятовдун ордуна учурдагы Өзбекстандын Башкы прокурору Ихтиер Абдуллаев келди. Бул жөнүндө президент Шавкат Мирзийоев, прокуратура жана Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилери катышкан жыйында белгилүү болду.
Иноятов Улуттук коопсуздук кызматынын башчылыгына 1995-жылы келген. Ал эми Абдуллаев Башкы прокурор болуп 2015-жылдын апрель айында дайындалган.