Албек Ибраимов өзүнүн кызматтан кетүүсү боюнча арыз жазган же жазбаганы боюнча депутаттын маалыматына кызыкты

Бүгүн, 25-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин "Республика-Ата Журт" фракциясынын отурумунда мэр Албек Ибраимов отчёт берүүдө.

Анда депутаттар вице-мэрлерди залдан чыгуусун жана жалгыз мэрдин калуусун талап кылышты. Калаа башчысы фракция алдында отчёт берүүгө мыйзам боюнча милдеттүү эмес экенин, бирок суроолорго жооп берүүгө даяр экенин айтты.

Жыйындын жүрүшүндө Ибраимов фракция мүчөсү Канатбек Мүзүралиевдин журналисттерге мэрдин отставкага кетүү боюнча арыз жазган деп айткандарын окуп берди. "Бул чынбы же калппы?" - деп сурады Ибраимов.

Канатбек Мүзүралиев бул маалыматтарды тастыктап, мэр отставкага кетүү тууралуу арыз жазды деп укканын айтты.

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы мэрдин кызматтан кетүү боюнча арыз жазды деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhaku2017
2018-04-25 18:46:16
Оозу менен орок оруп, буту менен машак терген, бечара.
+1
nemo2016
2018-04-25 19:32:21
Мерда кетсин былык иштин баарында ушул бар
+2
kalpak.kg92
2018-04-25 21:33:22
Кетсин кетсин жанадагы кетсин былыктарын ашкере болуп уйат болгучан озун кет кетпесен...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан