Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган "Айтматов жана музыка" аталышындагы кече өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы кабарлады.
Маалым болгондой, концерт 30-апрель күнү аталган министрликтин колдоосу менен өтөт.
"Концертте кыргыз композиторлорунун Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жаралган чыгармалары жана Кыргыз Республикасынын белгилүү ырчы, аткаруучуларынын обондуу ырлары жаңырат", - дейт басма сөз катчы.
Ошондой эле А.Жумакматов атындагы академиялык-симфониялык оркестрдын солисттери, дирижёру, көркөм жетекчиси жана башкалар да катыша турганын кошумчалап өттү.