Акыркы коңгуроо аземине акча чогултууга жана көңүл ачуучу жайларда белгилөөгө тыюу салынды

Акыркы коңгуроо аземине акча чогултууга жана көңүл ачуучу жайларда белгилөөгө тыюу салынды. Бул туралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул күнү окуучулардын коопсуздугу боюнча жоопкерчилик ата-энелер менен мектеп мугалимдерине жүктөлөт. Мектеп директорлоруна жана мугалимдерге Акыркы коңгуроого акча чогултууга жана бул күндү көңүл ачуучу жайларда белгилөөгө тыюу салынды.

Ошондой эле билим берүү башкармалыгынын райондук, шаардык бөлүмдөрүнө күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, фейерверк жана денеге залал келтире турган буюмдарды колдонууга тыюу салуу тапшырылды. Андан сырткары, ата-энелер менен балдардын коопсуздугу тууралуу жыйналыштарды өткөрүү милдети жүктөлдү.

Айта кетсек, быйыл Акыркы коңгуроо аземи өлкөнүн мектептеринда 25-майда саат 09:00дө жаңырат.

 




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aibars
2018-04-26 16:18:20
Эн туура, тынч эле жургондору жакшы. Болбосо аталарынын кымбат баалуу машиналарын айдап чыгып жол кырсыктырына алып келет.
+3
asi.gulum
2018-04-26 16:58:03
Жылда тыюу салынат.))
+6
aliya-leyla
2018-04-26 17:04:28
Жылда тыюу салат. Бирок баары бир болот. Ата-энелер менен мугалимдер оздору баш болот
+8
Aseltay
2018-04-26 17:05:12
бир гана кагаз жузундо айтып койбой милицияларда ошол куну караш керек тартипти
+5
aiba.8327
2018-04-26 17:06:56
Козомол кылуу керек ...
+2
Medinaa
2018-04-26 17:10:16
Чоңдор айта берет,окуучулар сөзүнөн берет)
0
karakulja
2018-04-26 17:57:07
Чондор айта берет, агайлар ала берет
+1
gulzat85
2018-04-26 19:10:02
Биздин мектеп давно эле акча чогултуп коюшкан.тыюу салганынарга эсч ким карабайт окшойт
0
maks1980bishkek
2018-04-26 19:16:35
эң туура көзөмөлдөш керек
0
Aidar151080
2018-04-26 21:00:02
Эми 9-классты дагы бүтүрүүчү деп акча чогултуп жатышат го. Азыр мектеп эмес эле акча. Тигиге акча, буга акча, кл.жетекчинин туулган күнү ж.б.
0
RaHat19
2018-04-26 21:26:08
жон эле соз ошону ишке ашыр албай койду го.канча жылдан бери айтылып келе жатат.тыйса жакшы болот эле да.себеби балдар учун деп ата энелер убара болуушуда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан