Өгөй кызын 5 жыл зордуктап жүргөн ата 20 жылга эркинен ажыратылды

Ош облустук соту өгөй кызын 5 жылдан бери зордуктап жүргөн атаны 20 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

"Кечээ, 26-апрелде Ош облустук соту өгөй кызын 5 жылдан бери зордуктап жүргөн айыпталуучу Б.Ж.ны Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен 20 жылга эркинен ажыратып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөсү көрсөтүлдү. Ошондой эле бул чыгарылган өкүм акыркы эмес жана өкүмгө нааразы тарап көзөмөл иретинде Жогорку Сотко даттанууга укуктуу", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

Эске салсак, өгөй кызын 5 жылдан бери зордуктап жүргөн атага 2018-жылдын 27-февралында Өзгөн райондук соту өгөй атаны күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Бирок жабыркаган кыздын таежеси Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттануу келтирип, соттолуучунун жазасын оордотуп берүүнү суранган. Соттук териштирүүлөрдө айыпталуучу Б.Ж. күнөөсүн моюнуна алган эмес, бирок анын кылмыштык иш-аракеттери боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу, беттештирүү протоколдору жана башка иштин ичиндеги материалдары менен аныкталган. Ал эми жабырлануучу кыз таенесинин колунда болуп, төрөлгөн ымыркай балдар үйүнө тапшырылган. Бирок кыздын энеси жолдошу менен ажырашпастыгын, ага доосу жок экенин айтып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nurbekasr
2018-04-27 08:21:15
Аты жөнүн жашырбай эле ХХХХХХХХ деп жазгыла,элдин баары билсин бул акмакты.
+8
portugalia
2018-04-27 10:25:23
nurbekasr,Туура айтасыз
+1
Nevestkaa
2018-04-27 10:35:55
nurbekasr,кайсы айылда болгон?
+1
NURSAPAR
2018-04-27 08:21:58
Жакшы болуптур. Негизи өлүм жазасына тартыш керек болчу
+6
ALINALISA
2018-04-27 09:06:44
олум жазасын киргизуу керек мындайларга. нысабы болсо озу деле олуп кетет мындай шермендечиликтен баш которо албай
+5
nurhan2702
2018-04-29 14:04:49
ALINALISA,нысабы жок учун ошол ишке барган да. Озу зордукталат эми турмодо
0
portugalia
2018-04-27 10:26:26
Таежеси азамат аял экен,коп жашасын!Апасына соз жок
+9
Ka4okrys
2018-04-27 12:23:25
20жыл азго өмүр бою эркинен ажыратуу керек
+1
Gulu.96
2018-04-27 13:29:56
Ka4okrys,туура айтасыз мындай зокурлорго бул жыйырма жыл аздык кылат
+1
nurhan2702
2018-04-29 14:06:40
Ошол 20жыл камалса экен зоокур. Ишенич деле жок. Кылмышкерлер акчанын кучу менен тез эле чыгып кетет. Олум жазасын киргизиш керек мындайларга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан