Өгөй атадан төрөгөн кыздын таежеси Өзгөн райондук сотунун чечимине нааразы болуп, Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Ош облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жабыркаган кыздын таежеси өгөй атанын өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылган.
"Жакындарынын айтымында өгөй ата кызын 5 жылдан бери зордуктап жүргөн. Кыз 2017-жылдын октябрь айында төрөгөндөн кийин бул иши ачыкталган. Окуя боюнча 2018-жылдын 27-февралында Өзгөн райондук соту кыздын өгөй атасын күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Күнөөлүүнүн жашы элүүдөн өткөндүктөн сот аны 20 жылга эмес, 15 жылга эркинен ажыраткан. Бирок кыздын энеси жолдошу менен ажырашпастыгын, ага доосу жок экенин айтып чыккан.
Учурда кыз таенесинин колунда. Ал эми өспүрүм кыз төрөгөн ымыркай балдар үйүнө тапшырылган", - дейт басма сөз кызматы.