Таңкы саат 6га чейин борбордук аянтта желек кармап турган сүрөтчү Азамат Жаналиевге Бишкек шаардык кеңеши Ардак грамота ыйгарды. Сыйлыкты шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев өзү тапшырганын Азамат Жаналиев SUPER.KG порталына билдирди.
"Күтүлбөгөн жерден шаардык кеңешке чакырып, Ардак грамота тапшырды. Жарандык милдетимди аткарганым үчүн жана активдүүлүгүм үчүн ыраазычылык билдирди. Мен өзүмдүн атуулдук парзымды аткардым деп ойлойм", - дейт ал.
Эске салсак, 24-апрелде болгон катуу шамалдан "Ала-Тоо" аянтындагы желек учуп кеткен. Желексиз калган борбордук аянтка Азамат Жаналиев түнкү саат 12:00дө үйүндөгү байрагын алып барып, таңкы саат 6га чейин көтөрүп турган. Ал "Тазалык" муниципалдык ишканасы таңкы саат 6:00дө желекти ордуна койгондон кийин кеткен.
Бул окуядан кийин социалдык тармактарда "сүрөтчү Азамат Жаналиевге мамлекеттик сыйлык тапшырылсын" деген колдоо пикирлер жамгырдай жааган.