Ошто өрттөн аман калуу үчүн 5-кабаттан боюн таштаган аялдын жакындары изделүүдө

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринен чыккан өрттөн улам терезеден боюн таштаган аялдын өздүгү такталбай, жакындары изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

"Аялдын абалы оор. Өздүгү такталбай жатат. Учурда анын жакындарын издеп жатабыз", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, 24-апрелде Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 4 адам жаракат алган. Өрт саат 23:20лар чамасында болгон. Өрт өчүрүүчү кызматкерлер барган учурда батир алоолонуп күйүп жаткан. Үйдүн терезесинде бир аял турган. Куткаруучулар шаты менен баргыча ал боюн таштап жиберген. Алгач 1-кабаттагы чатырга түшүп, андан кийин жерге кулаган. Аял учурда шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми жабыркагандардын бири ооруканадан чыгарылса, экөө травматология жана нейрология бөлүмдөрүндө дарыланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
RusMos76
2018-04-27 08:41:10
Ушунча кундон бери неге табыдбайт, орт кайсыл уйдон чыкты кимге караштуу?!
+2
Gulnyr19
2018-04-27 08:47:17
Сүрөтүн эми көрсөтүп жататко эми табылаар. Айыгып кетсин эми ким болсо да
+1
Janna07
2018-04-27 09:19:56
Уй кимге караштуу деп эле таап койсо болотго, квартирант болсо уйдун ээси аркылуу эле
+1
messi_1987
2018-04-27 09:55:14
мен таныйм бул кыз.таныбайм деле келечек жакта журо берет нары бери басып.ХХХХХХХХХ
0
Missing-u
2018-04-27 10:34:39
Жалан эркектер менен тушкон суротторуго. ХХХХХХ ХХХХХХХ
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан