Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен чыккан өрттөн улам терезеден боюн таштаган аялдын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.
"Ошто 12 кабаттуу үйдүн 5-кабатынан боюн таштаган аялдын абалы дале оор бойдон калууда. Азыркы убакта ал комадан чыга элек. Андан сырткары дагы бир жабырлануучу травматология бөлүмүндө дарыланып, операцияга даярданууда. Ал эми 83 жаштагы карыя кырсыктан жаракат алган эмес, бирок өзүнүн оорусуна байланыштуу нейрология бөлүмүнө жаткырылса, дагы бир жабырлануучу өзүн жакшы сезгендиктен үйүнө чыгарылды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, 24-апрелде Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 4 адам жаракат алган. Өрт саат 23:20лар чамасында болгон. Өрт өчүрүүчү кызматкерлер барган учурда батир алоолонуп күйүп жаткан. Үйдүн терезесинде бир аял турган. Куткаруучулар шаты менен баргыча ал боюн таштап жиберди. Алгач 1-кабаттагы чатырга түшүп, андан кийин жерге кулаган. Аял учурда шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.