Айылдык кеңештин депутаты: "Жерлерди трансформациялоо маселеси чечилбегендиктен инвесторлордун ишине тоскоолдук жаралып жатат"

26-апрелде Суусамыр айылдык кеңешинин депутаттары Бишкекке келип Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту. Жолугушууда аталган тоолуу аймактын социалдык көйгөйлөрү көтөрүлүп, чечүү маселелери талкууланды. Айылдык кеңештин төрагасы Нурдастан Кулматов Ош-Бишкек жолун жаңы салынып жаткан Түндүк-Түштүк жолун байланыштырган Суусамыр-Арал жолу өтө начар абалда экенине токтолуп:

“Бул жолдор аркылуу көмүр ташыган чоң унаалар көп өтөт. Эгер бул жол оңдолуп калса, коопсуз транспорттук байланыш гана камсыздалбастан, жээгинде жайгашкан элдер үчүн да ыңгайлуу болмок”, – деди.

Ошондой эле жерлерди трансформация маселеси чечилбегендиктен инвесторлордун ишине да тоскоолдук жаралып жаткандыгын айткан Нурдастан Кулматов:

Эки жыл мурун агротехникалык компанияга 4 миң 490 гектар айдоо аянты ижарага берилип, ири инвестициялык жумуштар башталган. Алар жыл сайын салык төлөп, жергиликтүү бюджетке салым кошууда. Мындан сырткары аталган компания 200гө чейинки жумушчу ордун түзгөн завод куруу үчүн 10 гектар жер сураган. Бирок трансформациялоо маселеси чечилбегендиктен бул демилге да ишке ашпай келет”, - деп кошумчалады.

Жолугушууда Суусамыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылында бир эле телефондук байланыш компаниясы иш алып барары жана ал жакта интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгү да жок экендиги айтылып, маселени чечүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү. Аны менен катар Суусамырда жумушсуздук көйгөйү да күч экени белгиленип, аймактын артыкчылыктарына ылайык сүт, эт жана жүндү иштеткен кичи ишканаларды ачуу зарылчылыгы айтылды.

Жогорку Кеңештин депутаттары айтылган көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшөрүн жана тиешелүү өкмөт өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөрүн кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан