ЖЫЛНААМА, 27-АПРЕЛЬ: Бүгүн туулган күнүн белгилеп жаткан ырчы Асел Касымова: "Туулган күнүм бир күн эрте башталды"

Бүгүн эстрада ырчысы Асел Касымова 33 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланыштык.

"Буга чейин туулган күнүмдү тар чөйрөдө белгилечүмүн. Бул ирет белгилебейм деп жаткам. Кечээ кечинде сахналаш курбуларым өздөрү кече уюштуруп, мени чакырышты. Барсам өзгөчө белектерин берип куттукташты. Мен болсо туулган күнүм эртең башталат деп "тамашоучу" Мурат Жалиевдин атасынын юбилейинде жүргөм. Юбилейге барган ырчылар эрте болсо дагы куттукташты. Майрам бир күн эрте башталды", - дейт ал.

Асел Касымова 1985-жылы 27-апрелде Ош шаарында төрөлгөн. 2003-2007-жылдары Ош Мамлекеттик университетинин искусство факультетин аяктаган.

Чыгармачылык тушоосу 7-класста окуп жүргөндө "Кыз-Бурак" тобунан кесилген.

"Апам мурун "Кыз-Буракта" ырдачу экен. Турмушка чыкканда атам уруксат бербей чыгып кетиптир. Эже топтун юбилейлик концертинде апамдан "Кызың барбы? Алып кел, ырдатып көрөлү?" дегенинен мени алып барса жактырып, топко алып калган. Ошентип 7-классымда топко кирип, бир жума репетиция кылып, дароо эле гастролго кеткенбиз. Гастролдор аябай көп болчу, 3 ай бою жүрө берчүбүз. 2 жыл топтун курамында болдум", - деп эскерет ал.

Андан соң 2005-жылдары "Элегия" тобунда ырдаган. 2011-2012-жылдары жеке ырчы катары "Эркелеп" аттуу ыры менен эл оозуна алынган.

Ырчы ата-энеси, бир туугандары тууралуу: "Ата-энем баш кошкондон кийин эки уулдуу болушуп, бирок экөөнөн тең айрылып калышкан экен. 5 жылдан кийин мен төрөлгөм. Менден кийин 2 кыз, 2 эркек төрөлгөн. Атам аскер кызматкери болгондуктан, тартипти катуу кармачу. Үйдүн улуусу болгондуктанбы ушунчалык өзүмчүл, кылдан кыйкым издеген чыргоо болчумун. Бир жакка конокко барып калганда “кийизи кир экен, отурбайм” деп жаңжал чыгара берчүмүн. Апам “сени эми эч жакка ээрчитип барбайм, уят кыласың” деп урушар эле. Апам отуруштарга барып же достору менен майрамдап калса, эмне ичип, эмне жегенинен бери төкпөй-чачпай атама айтып келчүмүн", - дейт.

Асел Касымова "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын дебюту" наамынын ээси болгон. Репертуарында "Сулуу жигит", "Жалгызым", "Бир сен үчүн" жана башка ырлары бар.

27-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bayhan
2018-04-27 10:46:41
Куттуктайм! Үй бүлөөң барбы, негизгиси ыймандуу болсоң болду.
0
maks94.kb
2018-04-27 11:03:13
Оздук майрам Кут болсун багын ачылып уй було кутуп бактылуу жаша Эми журо бербей бирди тап эртереек
0
Kirajsjk
2018-04-27 11:15:11
jash korunot eken 85 korunboit takir.Baktiluu bol
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан