Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги Чечен Республикасынын чек арасында психикалык жактан жабыркап, оор абалдагы Кыргыз жаранын мекенине кайтарышты. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз жараны А.Б. бир тууган агасын Чечен Республикасынын Гудермес шаарынан алып келүүгө жардам сурап кайрылган. Элчилик тарабынан ыкчам түрдө консулдук бөлүмдүн кызматкери Чечен Республикасындагы элчиликке жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында 30 жаштагы З.Б. аттуу Кыргыз жараны Чечен Республикасы менен Дагестан Республикасынын чек арасынан психикалык жактан жабыркап, оор абалда табылган. 25-апрель күнү Кыргыз жараны элчиликтин коштоосунда Москва шаарына алып келинип, туугандарына өткөрүлүп берилген. 26-апрелде оор абалдагы жаран мекенине жөнөтүлмөк. Ошондой эле элчиликтин кызматкери Орусиянын ИИМинин аталган республика боюнча миграциялык кызматынын өкүлдөрү менен жолугуп, чет өлкөлүк жарандарды кармоо борборуна барган. Ал жерде Кыргыз жарандары жок экени аныкталган.