Коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты Сейитбек Жээнчороев каза болду.
Бүгүн, 27-апрелде маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Республика-Ата Журт" фракциясынын катчылыгынан кабарлашты.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Руслан Казакбаев, Бакыт Сыдыков, Калдарбек Баймуратов жана башка депутаттар, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев жана башка саясий, коомдук ишмерлер катышты.
Белгилей кетсек, Сейитбек Жээнчороев - Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороевдин атасынын бир тууган агасы.
Жээнчороев Сейитбек Бообекович 1949-жылы 21-мартта Талас облусунун, ошол кездеги Киров азыркы Кара-Буура районунун Суу-Маймак айылында жарык дүйнөгө келген. 1966-жылы Грозный орто мектебин бүтүргөн. Кыргыз айыл чарба институтун 1972-жылы аяктаган.
Ал эмгек жолун 1972-жылы Киров районунда улук ветеринар болуп баштаган.
1975-1977-жылдары райондук ветеринардык станцияда улук ветеринар-дарыгери;
1977-1979-жылдары Коммунисттик партиянын Киров райондук бөлүмүндө уюштуруучусу;
1979-1982-жылдары Киров райондук ветеринардык станциянын жетекчиси;
1982-1985-жылдары Киров районундагы айыл чарба бөлүмүнүн башчысы;
1985-1987-жылдары Ташкенттеги жогорку партия мектебинин угуучусу;
1987-1990-жылдары Киров райондук компартиянын уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы;
1991-1995-жылдары парламенттин депутаты;
1995-2001-жылдары Кара-Буура райондук администрация башчысынын орун басары;
2001-2006-жылдары калкты тейлөө борборунун директору;
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Сейитбек Жээнчороевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.