"Кыргыз эл" коомдук уюму өспүрүм балдарды интернеттеги терс көрүнүштөрдөн сактоо үчүн 18 жашка толо элек өспүрүмдөргө андагы уят нерселерди көрүүгө чектөө коюуну сунуштады. Бул тууралуу коомдук уюмдун мүчөлөрү бүгүн, 27-апрелде өткөн маалымат жыйында билдиришти.
Коомдук уюмдун мүчөсү Сейтек Дүйшөналиевдин айтымында, интернеттеги баш аламандыкты атайын мамлекеттик орган тескеп турушу зарыл. Мындан сырткары, интернет менен камсыз кылган провайдерлерге да жоопкерчилик жүктөлүп, алар жашы жете элек өспүрүмдөргө интернеттеги терс, уят, ыплас нерселерди көрүүгө чектөө коюшу керек.
"Бүгүнкү күндө ар бир балада түрдүү гаджеттер бар. Алар интернетке кирип каалаган маалыматын таап карай алышат. Көпчүлүк ата-энелер балдарынын интернетте эмне көрүп жатканына көңүл бөлүшпөйт. Мындай көңүл кош мамиле өлкөдөгү өспүрүмдөр арасында жыныстык катнашка эрте баруунун көбөйүшүнө жана буга байланыштуу көптөгөн маселелердин жаралуусуна алып келүүдө. Акыл-эси токтоло элек балдарды диний экстремизм, зөөкүрдүк, мыкаачылыкка үндөгөн терс көрүнүштөрдөн коргоо керек", - деди Дүйшөналиев.