Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов "Манас" аэропортунда учак жүргүнчүлөрүнө тамак-аш даярдоочу цехтин баасы боюнча маселени кайрадан көтөрдү.
Анын билдиришинче, цех 2012-жылы базар баасында 2 миллион доллар турганына карабай аэропорт 12 миллион долларга сатып алган.
"Учак жүргүнчүлөрүнө тамак-аш даярдоочу эки бөлүктөн турган цехти 10 жыл чет элдик компания иштетип, эскилиги жеткенден кийин эксклюзивдүү укугун мамлекет өзүнө алган. Андан кийин Европа мамлекеттеринен 3 миллион еврого жаңы цех орнотуп беребиз деген сунуш болгон экен. Ага карабай иштеп жаткан бизнес катары эл аралык компанияга 15 миллион долларга баалатып 12 миллион долларга сатып алган. Эксклюзивдүү укук алынгандан кийин ал жараксыз буюм сыяктуу болуп калат. Базар баасында бааласа, 2 миллион доллар гана болмок. Бүдөмүктүн баары ушул жерде жатат.
Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан "ал акчага цехтин 27 имараты бааланган" деген кат келип жатат. Аэропорттун өзүндө 27 имарат жок. Чет элдик компания 27 имаратты сала албайт да болчу. Анткени аэропорт стратегиялык объект. Ошондуктан Коррупцияга күрөшүү кызматы кайра текшерип чыгышы керек", - деди Шыкмаматов.
Эске салсак, 2016-жылы "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев бул маселени көтөрүп: "Бишкек шаарынын азыркы мэри Албек Ибраимов "Манас" аэропорту башкармалыгын жетектеп турганда учактагы жүргүнчүлөргө тамак-аш даярдоочу цех мамлекеттин эсебинен 15 миллион долларга сатып алынган, бирок чыныгы баасы 2 миллион доллар болгон эле", - деп билдирген.