Бишкек шаарынын тургуну Мээрим Бейшекеева 8 жаштагы кызы Айсанатка менталдык арифметика боюнча Дубайда өтө турган Дүйнөлүк олимпиадага катышып келүү үчүн акча каражаты керек болуп жатканын SUPER.KG порталына билдирди.
"Менин 2-класстагы кызым Жеңишова Айсанат менталдык арифметика боюнча атайын курстарга барат. Буга чейин ал Казакстанда өткөн Олимпиадада 1-орунду жеңип алып Дубайда өтө турган Олимпиадага жолдомо алган. Жалгыз бой эне болгондуктан кызымдын ал жакка барып келгенине керектелчү 1 миң 350 долларды таппай жатабыз. Ошого байланыштуу колунда бар кайдыгер эмес жарандардан колдоо көрсөтүүнү суранам", - дейт Бейшекеева.
Ошондой эле Бейшекееванын айтымында, ал кызы Олимпиадада жеңишке жетип "Менталдык арифметика боюнча Дүйнө чемпиону" наамына ээ болушуна толук ишенерин кошумчалап өттү.
Жардам бергиси келген жарандар 0555 05 78 92 - Элсом номерине же болбосо, 0707 05 78 92 номерине чалып байланышсаңыздар болот.