Ысык-Көл облусундагы "Каркыра унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү пункту кайрадан ишин жандандырат. Бул тууралуу Мамлекетик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Каркыра" көзөмөл-өткөрүү бекети 1-майдан тарта ачылат. Өткөрмө бекети эртең мененки 08:00дөн кечки 18:00гө чейин дем алышсыз калкты тейлейт.
"Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын өкмөттөрүнүн келишимине ылайык, "Каркыра унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү бекети Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан көп тараптуу өткөрмө бекет болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, "Каркыра унаа жолу" күз-кыш мезгилине карата 2017-жылдын 31-октябрында убактылуу жабылган.