"Ата Мекен" жетекчилери алмашкан күч органдарына бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын жыйыны өтүп, анда коррупция менен күрөшүү маселеси талкууланды. Депутаттардын суроолоруна башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев, ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрү жооп беришти.

Алар 2010-2017-жылдар аралыгында кызматтык жана экономикалык кылмыштар боюнча козголгон кылмыш иштери кайра текшерилип жатканын айтышты. Мындан тышкары бул материалдардын бир тобу кайрадан өндүрүшкө алынганы, токтотулгандарынын жана кыскартылгандарынын себептерин аныктоо иштери жүрүп жаткандыгы белгилүү болду.

Талкууда фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов "Манас" эл аралык аэропортундагы базар баасы 2 миллион доллар турган 2 тамак-аш блогун 12 миллион долларга сатып алгандыгын кайрадан текшерип чыгууну талап кылды. Мындан сырткары, “Кыргызтелеком” ишканасы менен "РТС" компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимдин натыйжасында мамлекетке 34 миллион доллар өлчөмүндө зыян келгендигин кошумчалады. Ошону менен катар Шыкмаматов "Белизгейт" окуясы боюнча УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев "кызматтык абалынан пайдалануу", "жасалма документтерди даярдоо" беренелерин бузганын, ага карата чара көрүү зарылдыгын белгиледи.

Депутат Каныбек Иманалиев күч органдары тарабынан коррупция менен күрөшүүдө иштер өтө жай жана майдаланып жүргүзүлүп жаткандыгын айтты. Эл өкүлү дагы "Кумтөр" алтын кени боюнча түзүлгөн акыркы келишимден мамлекет чыгымга учураганын, көмүр мафиясынын уланып келе жаткандыгын, сырттан күйүүчү майларды ташууда салыктык жыйымдар акыркы 4 жылда түшүп кеткендигин белгиледи. Андан сырткары Нарын ГЭС каскаддарын куруудагы курулушчулар шаарчасынын курулушу өтө жогорулатылып - чарчы метри 1 миң 300 доллар өлчөмүндө курулгандыгын мындай коррупциялык иш-аракеттерге көңүл буруу зарылдыгын кошумчалады. Ошону менен катар депутат бул саналып өткөн иштер боюнча 2 айдан кийин кайра маалымат угууну сунуш кылды.

Депутат Наталья Никитенко болсо күч органдарынын статистикалык маалыматтарындагы козголгон кылмыш иштеринин бир тобу токтотулгандыгынын жана кыскаргандыгынын өзү эле коррупция менен күрөшүүнүн деңгээли төмөн экенин айгинелеп турарын айтып, мыйзамсыз козголгон иштер боюнча жоопкерчиликке кимдир бирөөлөр тартылышы керек деген пикирин ортого салды.

Фракция депутаттары айтылган фактылар боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө 2018-жылдын 20-июнунда күч органдарынан кайрадан маалымат укмай болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан