ЖЫЛНААМА, 30-АПРЕЛЬ: Тасмадагы өнөктөшүнө ашык болуп ак никелүү аялынан баш тарткан түркиялык актёр Халит Эргенч 48 жашка толду

"Даңазалуу кылым", "1001 түн", "Зерда", "Биринчи махабат", "Конок" жана башка тасмаларда көрүнүктүү ролдорду жараткан түркиялык актёр Халит Эргенч 48 жашка толду.

Ал 1970-жылы 30-апрелде Стамбулда төрөлгөн. Атасы Саит Эргенч актёр болгон. Орто мектепти бүткөн соң 1988-жылы Стамбул шаарындагы Технологиялык университетке өз каалоосу менен тапшырган. Бирок бир жылдан кийин университеттен айдалган. Анткени күнүмдүк жашоосуна акча табыш үчүн оператор, маркетолог, бийчи болуп иштеп, окуусуна бара алган эмес.

1996-жылы Халит Эргенч үчүн жашоонун жаңы барагы ачылат. Дал ушул жылы болочок актёр "Дормен" театрына кабыл алынып, "Падыша жана мен" ("Король и я") мюзиклинде башкы ролду аткарууга мүмкүнчүлүк алган. Андан кийин театрдын сахнасында жүрүп бир нече спектаклдерде образдарды жараткан.

2000-жылдан баштап "Зерда", "Чоң атам, Гофрет жана мен" ("Дедушка, Гофрет и я") тасмаларына тартылган. 2006-жылы "1001 түн" ("Тысяча и одна ночь") сериалында башка каармандын ролун жараткан. Андан кийин "Биринчи махабат" ("Первая любовь"), 2011-жылы "Даңазалуу кылым" ("Великолепный век") сериалында Султан Сулеймандын образын ийине жеткире аткарып, мыкты актёр аталган.

Халит Эргенч 2007-жылы Гизем Сойсалдыга үйлөнүп, 2008-жылы ажырашып кетишкен. Алардын ажырашуусуна халит Эргенчтин тасмадагы өнөктөшүн жактырып калганы себеп болгон. Тагыраагы, "Миң бир түн" сериалынын тартуу иштери башталганынан көп өтпөй Халит Эргенч менен Бергүзар Корел бири-бири үчүн жаралганын сезип, "биз бири-бирибизге сезимдерибиз бар экенин дароо эле түшүндүк" деп билдирген. Махабат оту экөөнү толугу менен курчап алып, жадакалса Халиттин ак никелүү аялы бар экени да аларды токтоткон эмес.

Акыры көк көздүү, алибеттүү актёр ажырашууну жана Гизем Сойсалдын боюндагы баланы алдырып салууну талап кылган. Ажырашуудан кийин актёр мурунку жубайына 180 миң доллар төлөп берген. "Биздин сүйүүбүз башталганда элдин баары Бергүзарды менин үй-бүлөмдү бузду деп айыпташты. Менин үй-бүлөмдүн урашына анын эч кандай тиешеси жок" деп Халит Эргенчтин айтканы бар. Аз өтпөй ал сүйүктүүсүнө үйлөнүп, экөө 2010-жылы Али аттуу уулдуу болушкан.
Экөөнү табыштырган "Миң бир түн" тасмасы аларга атак-даңк менен кошо сүйүү алып келген.

30-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Beknur10
2018-04-30 16:36:24
Мехмет нармин деген кинодо да укмуш аткарган бандиттин рольлун
0
Nevestkaa
2018-04-30 21:30:33
Алияда терс каармандын ролун ойногон го.Халит жаман экенсин го өз канынан бүткөн баланы алдырып ташта деп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан