ЖЫЛНААМА, 2-МАЙ: "Аска" каймана аты менен таанымал, спорт тармагынан тасма талаасына аралашкан Дуэйн Жонсон 46 жашка чыкты

Алгач спорт тармагында бир топ ийгилик жаратып, кийин тасма талаасына аралашып, "Малибунун куткаруучулары", "Форсаж", "Экинчи мүмкүнчүлүк" жана башка бир топ фильмдердеги ролдору аркылуу белгилүү болгон америкалык актёр Дуэйн Жонсон бүгүн, 2-майда 46 жашка чыкты.

"Аска" деген каймана атты алып жүргөн Жонсон 1972-жылы 2-майда Калифорниянын Хейвард шаарында туулган. Ал кичинесинен рестлинг (атлетикалык, театралдык чеберчилик, күрөш искусствосун камтыган шоу) менен машыккан.

Спорттогу карьерасын Рокки Майвиа деген лакап ат менен баштаган. Бул ысым анын атасы менен чоң атасынын аттарынан куралган.

Ал 3 ай ичинде жакшы ийгилик көрсөтүп, континенттин рестлери аталса, кийин дүйнөлүк мелдештин 5 жолку чемпиону болууга жетишет. Көп өтпөй лакап атын кыскартып, "Аска" (the Rock) болуп алган. Ушундан улам ал өзүнө үчүнчү жак менен "Аска айтат..." деп кайрыла баштаган. 2000-жылы "Аска айтат..." аталышындагы биографиялык бестселлерин жаратып, жазуучу катары да таанылат.

Актёрдун алгачкы тасмасы – "Мумия кайтат". Кийин белгилүү актёр Вин Дизель менен "Форсаж" тасмасында роль жараткан. Ал бир гана боевик жанрындагы фильмдер менен чектелбестен, комедия жанрындагы "Оюндун планы" тасмасында да образды мыкты ачып берген.

Актёр жубайы Дени Гарсия менен 20 жашында Майамиден таанышкан. 7 жыл өткөн соң мыйзамдуу никеге туруп, 2001-жылдын 14-августунда Симоне деген кыздуу болушкан. Тилекке каршы, үй-бүлөнүн очогу көпкө тутанбай, 2007-жылы ажырашуу үчүн арызын беришкен. Ал эми алардын кызы энеси менен калган. Бирок актёр кызынын келечеги үчүн ай сайын 27 миң доллар алимент төлөп турарын билдирген.

Азыркы учурда ырчы Лорен Хашиан менен сүйүү мамилесинде. Түгөйлөр 2015-жылы Жасмин аттуу кыздуу болушса, ушул жылдын апрель айында экинчи кызы Тиана жарык дүйнөгө келди.

2-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан