"Малибу куткаруучулары" тасмасы аркылуу таанымал америкалык актёр Дуэйн Жонсон 3-ирет кыздуу болду

"Малибу куткаруучулары" тасмасы аркылуу таанымал америкалык актёр Дуэйн Жонсон 3-ирет кыздуу болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу коомчулукка сүйүнчүлөдү.

Маалым болгондой, актёр менен сүйүктүүсү Лорен Хашиан 17-апрель күнү кыздуу болушкан. Бирок Жонсон кубанычтуу кабарын кечээ, 23-апрелде гана коомчулукка жарыялоону туура көргөн.

"Лорендин төрөтүнө катышып чыккан соң, бир гана ага эмес, жалпы аялзатына болгон сый-урматым, сүйүүм күчөдү", - деген актёр.

Ошондой эле жаңы төрөлгөн ымыркайына Тиана деген ысым ыйгарганын кошумчалаган.

Айта кетсек, бул актёрдун 3-кызы. Буга чейин түгөйлөр 2 жаштагы Жасмин деген кызды тарбиялап келишкен. Ал эми Жонсондун биринчи никесинен 16 жаштагы Симон аттуу кызы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан