Бүгүн, 1-майда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жеткен катуу шамал күтүлөрүн ӨКМ билдирди. Шамал жеңил конструкцияларды учуруп, бак-шактын сынып кулашына алып келет. Андыктан "Ала-Тоо" аянтындагы желек кайрадан учуп кетпеши үчүн Улуттук Гвардиянын басма сөз кызматы алдын ала кандай чараларды көргөнүн SUPER.KG порталына билдирди.
"Негизи Улуттук Гвардия ар кандай кырдаалдардын алдын алат. Бизде дайыма аянтта илинип турган желектен сырткары 2 байрак запаста турат. Ал эми 24-апрелде шамал учуруп кеткен желектин ордуна кайра илели дегенбиз. Бирок шаардык мэрия тарабынан катуу шамал уланарын кабарлап, шамал басаңдаганча илбей турууну айтышты. Ошондон улам байракты таңкы саат 6:00дө илгенбиз. Эгерде бүгүн кокусунан желек учуп кете турган болсо, биз аны дароо эле илип коё алабыз", - дейт басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, 24-апрелде катуу шамал орун алып, борбордук аянттагы желек учуп кеткен. Анда желексиз калган борбордук аянтка сүрөтчү Азамат Жаналиев үйүндөгү желегин көтөрүп барган. Ал түнкү саат 12:00дө барып, таңкы саат 6:00дө желек кайра илингенден кийин кеткен.
Бул иши үчүн Азамат Жаналиев Бишкек шаардык кеңеши тарабынан Ардак грамота менен сыйланган.