Кытайда бала бакчанын тарбиячылары 5 жаштагы кызга мажбурлап табакты жалаткан

Кытайдын Шаньдун провинциясындагы бала бакчалардын биринде тарбиячылар 5 жаштагы кызга мажбурлап табакты жалаткан соң гана аны эс алууга жөнөткөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгып, видеосун жарыялашты.

Белгилүү болгондой, видеодо тарбиячылар наристе кыз табакты жалап бүткөнчө өз ара сүйлөшүп күлүп турушканын көрүүгө жана угууга болот. Бул окуяны бала ата-энесине айтып, алар тарбиячылардын мындай мамилесине нааразы болуп арызданган.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын жетекчилиги мындай окуя мурда болбогондугун айтып, аталган тарбиячыларды жумуштан кетирген эмес. Алар кыздын ата-энесине "биздин бала бакча жакпаса, кызыңызды башка бакчага которуп кетиңиз" деген сунушун айтышкан.

Наристеге табак жалатышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан