Бүгүн, 4-майда 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турчу футбол боюнча Азия биринчилигине катыша турчу командаларды тайпаларга бөлүү үчүн чүчү кулак ташталат.
Мелдешке Азиянын мыкты делген 24 курамасы катышат. Алар 6 топко бөлүнөт. Ар бир топто 4 курама болот.
Кыргыз өлкөсү менен бирге 3-себетте Ливан, Палестина, Оман, Индия жана Вьетнам курамалары түшкөн. Мындан улам бул курамалар бир топко түшпөйт.
1-себет: БАЭ (мелдештин ээси), Иран, Австралия, Япония, Корея, Сауд Арабиясы;
2-себет: Кытай, Сирия, Өзбекстан, Ирак, Катар, Таиланд;
3-себет: Кыргыз өлкөсү, Ливан, Палестина, Оман, Индия, Вьетнам;
4-себет: Түндүк Корея, Филиппин, Бахрейн, Иордания, Йемен, Түркмөнстан.
Эске салсак, Азия биринчилиги 2019-жылдын 5-январынан 1-февралына чейин Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай, Абу-Даби, Эль-Айн жана Шарджа шаарларында орун алган 8 стадиондо өтөт.